Умрадагы кыргызстандыктар: Абал туруктуу, эвакуацияга муктаждык жок

Коом Загрузка... 02 Март 2026 18:12
WhatsApp Image 2026-03-02 at 15.01.41.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Учурда 6 миңге жакын Кыргызстандын жараны Умра сапарында жүрөт. Аба каттамдарынын убактылуу токтошуна байланыштуу кайтып келүүдө айрым кыйынчылыктар жаралганы менен, жарандардын коопсуздугу камсыздалып, тиешелүү мекемелер тарабынан көзөмөл жана коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы консулу Нурсултан Орунбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда кыргыз зыяратчыларынын абалы канааттандырарлык.

“Чет өлкөлөргө учуу каттамдары болбой жатканын эске албаганда Мекке, Медина жана Жидда шаарларында абал туруктуу. Негизи бул шаарлар коопсуз аймак болуп эсептелинет.

Сауд Аравиясы ажылык сапарга же чет өлкөлөргө учууларга эч кандай тыюу салган жок. Өлкөнүн аба майданы иштеп жатат. Башка чет өлкөлүк компаниялар жеке чечими менен каттамдарды убактылуу токтоткондуктан, биздин зыяратчылар уча албай калышты.

Муфтият элчилик менен биргеликте атайын штаб ачкан. Зыяратчыларды көзөмөлдөп, алардын маселелерин чечип жатышат. Учурда биздин жарандар тамак-аш жана жатакана менен камсыздалууда. Кырдаал турукташканча жайгашкан жерлеринде болуп турушат. Кандайдыр бир эвакуациялык аракеттерге зарылчылык жок”,-деп билдирди ал.

Ошондой эле Кыргызстандын муфтийинин орун басары Жолдошбек Абдылдаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, каттоодон өткөн 46 фирма жана ал жактагы өкүлдөр жарандардан кабар алып жатышат.

“Учурда Меккеде абал тынч. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу айрым аба каттамдары токтоп турат. Бирок биз авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мисалы, Кувейттеги Jazeera Airways компаниясы болжол менен 2 300 адамды ташый алат экен. Эгер абал туруктуу болуп калса, бул компания эки күндөн кийин зыяратчыларды ташууну пландап жатат”,-деди ал.

Ал кошумчалагандай, айрым мамлекеттер сүйлөшүү жолу аркылуу жарандарын алып чыгып кетишүүдө.

“Ал эми Дубай аркылуу кайтып келе турган бардык каттамдар учурда токтогон. Коңшу мамлекеттер фирмалар менен келишим түзүүдө өзгөчө кырдаал жаралса, жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын камсыздандыруу аманаттарын карашкан экен. Биз быйыл бул ишти биринчи жолу уюштуруп жаткандыктан, келишимде жарандарды кайра алып келүүнү фирмалардын өздөрүнө милдеттендиргенбиз", - деп билдирди Абдылдаев.

Муфтият учурдагы абалга байланыштуу кичи ажылыкка барууну пландагандарга зыяратты башка убакка жылдырып туруу сунуштады.

Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы сокку урган. Тегеран буга жооп катары ракета жана учкучсуз аппараттарды АКШнын аскердик базалары жайгашкан Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Аравияга багыттаган.