Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык иш-чаранын алгачкы тизердик ролигин сунуштады. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк деңгээлдеги маданий-спорттук таймаш быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Видеороликте көчмөн цивилизациясынын духу, улуттук мурас жана алдыдагы эл аралык иш-чаранын масштабы камтылган.
Маалымат үчүн: ”Кабар“ улуттук маалымат агенттиги 1937-жылы негизделген Кыргызстандагы алгачкы маалымат булагы болуп саналат. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы жана дүйнө жүзүндөгү маанилүү окуяларды ыкчам чагылдырып келет. Бүгүнкү күндө ”Кабар” дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен тыгыз кызматташып, расмий маалыматтын негизги булагы катары таанылган.
2026-жылы ”Кабар“ маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дайындалды. Агенттик дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган бул ири этномаданий жана спорттук иш-чараны көп тилдүү форматта маалыматтык жактан камсыз кылат.