VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы тааныштырылды

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 20 Июль 2026 11:35
IMG_4169.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынында 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын тааныштырды.

Анын айтымында, көчмөндөр оюндары спорттук иш-чаралар менен гана чектелбестен, этно спортту, этно маданиятты, илимди жана салттуу билимдерди бириктирген “көчмөн цивилизациясынын олимпиадасына” айланды.

“Көчмөндөр маданияты - бул өткөн чакка байланышкан гана маданий мурас эмес, экологиялык жоопкерчиликке, мобилдүүлүккө, өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жана дүйнөгө ачык болууга негизделген жандуу философия”, - деди министр.

Ал белгилегендей, оюндардын негизги максаты — байыркы салттар менен азыркы глобалдык процесстердин өз ара байланышын көрсөтүү.

Маданий программа беш аянтчада өткөрүлөт. Алардын негизгиси Кырчын жайлоосунда уюштурула турган “Көчмөн ааламы. Жандуу мурас” этно шаарчасы болот. Бул жерде коноктор көчмөн элдердин салттуу турмушу, кол өнөрчүлүгү, улуттук ашканасы, үрп-адаттары жана маданияты менен тааныша алышат.

Ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде “Көчмөндөр мурасы” аттуу салттуу музыка боюнча эл аралык фестиваль өтөт. Анда манасчылар, дастанчылар, музыканттар жана элдик ырчылар өнөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле салттуу билимдерди сактоо жана өнүктүрүүгө арналган эл аралык илимий конференция уюштурулат.

Дагы бир маданий аянтча катары “Nomad” комплекси иш алып барат. Анда салттуу маданият менен заманбап искусствонун багыттары — этно мода, бий, музыка, жаштар долбоорлору жана этно граффити уюштурулат.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда “Этно көчмөн” аттуу этно-хип-хоп фестивалы өткөрүлүп, салттуу маданияттын заманбап музыкалык жанрлар менен айкалышы көрсөтүлөт.

Бешинчи аянтча — ArtLab чыгармачыл лабораториясы болот. Анда ар кайсы өлкөлөрдөн келген сүрөтчүлөр жана айкелчилер көчмөн цивилизациясынын философиясына жана мурасына арналган чыгармаларды жаратышат.

Жыйындын жүрүшүндө Мирбек Мамбеталиев маданий сынактарга катышуу акысыз болорун белгилеп, эмгектер менен чыгармачыл көрсөтүүлөрдү искусство жана маданият тармагындагы эл аралык калыстар тобу баалай турганын айтты.

Министр ШКУга мүчө мамлекеттерди VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырып, Кыргызстан байыркы мурастар заманбап өңүттө жаңырып, эл аралык маданий диалог өнүккөн мейкиндикти түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи.