VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу тандалды

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 25 Март 2026 18:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. "Шоро" компаниясынын улуттук суусундугу болгон "Максым Шоро" расмий түрдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу деп жарыяланды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Шоро" компаниясы көп жылдан бери улуттук өндүрүштүн символу жана кыргыз элинин маданият, салт жана көчмөн жашоо образын чагылдырган негизги бренддердин бири экени белгилүү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — көчмөн элдин мурасын сактоого жана жайылтууга, маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө жана этноспортту өнүктүрүүгө багытталган эл аралык долбоор. Мында "Шоро" компаниясынын продукциясы, анын ичинде максым оюндардын философиясы менен толук шайкеш келип, муундан-муунга өтүп келген салттын бир бөлүгү катары өзгөчө орунду ээлейт.

Өнөктөштүктүн алкагында "Шоро" компаниясы оюндардын катышуучуларын, конок жана ыктыярчыларды улуттук суусундуктар менен камсыз кылат, ошондой эле кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт.

Иш-чарага 90дон ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Бул оюндар спорт, маданият жана илимди бириктирген ири эл аралык аянтча болуп саналат.