Ысык-Көлдө 273 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке өткөрүлдү

Аймак Загрузка... 28 Апрель 2026 10:20
пан. Иссык-Куль.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. "Ысык-Көл" пансионатына тиешелүү 273 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2004-жылы "Ысык-Көл" туристтик пансионатына тиешелүү 1,9 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 273 млн 149 миң сомду түзгөн мүлк мамлекетке кайтарылды.