Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо: Үч айда дээрлик 17 миң метр тор алынды

Аймак Загрузка... 06 Апрель 2026 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ысык-Көл облустук милициясы

Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын чыгарды.

Облустук милициядан билдиришкендей, көлдүн экологиясын сактоо жана браконьерликке бөгөт коюу багытында төмөнкүдөй иштер жасалды:

  • Көлдүн акваториясынан жана кармалган жарандардан жалпы узундугу 16 900 метрди түзгөн синтетикалык торлор конфискацияланды.
  • 300 даана балык мыйзамсыз уулоо учурунда алынып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлдү.
  • Алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры менен 31 даана тор тапшырышкан.
  • Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып, 16 иш сотко жөнөтүлдү.
  • Мыйзам бузууга шектелген 4 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
  • Экологияга келтирилген зыян үчүн жалпысынан 572 миң 86 сом өлчөмүндө доо коюлду.
"Милиция кызматкерлери браконьерлерди аныктоо үчүн күндүз гана эмес, түнкүсүн да моторлуу кайыктар, дрондор жана тепловизорлор менен рейддерди жүргүзүүдө. Ошондой эле көл жээгин таштандылардан жана толкун жээкке чыгарып таштаган эски торлордон тазалоо иштери системалуу түрдө улантылып жатат",-деп айтылат маалыматта.