Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Ысык суу эрте өчүрүлгөндө резервуарларга керектүү көлөмдө суу алдын ала топтолот. Бул тууралуу Бишкек жылуулук электр борборунда жылытуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Шаар жетекчиси белгилегендей, ысык сууну эрте өчүрүү чечими экинчи жыл катары менен кабыл алынып жатат. Бул өткөн жылдагы тажрыйбанын натыйжалуулугу менен байланыштуу.
"Эрте өчүрүү резервуарларга керектүү көлөмдө сууну алдын ала топтоого жана муздак суу системасына болгон жүктү азайтууга мүмкүнчүлүк берет", – деди калаа башчысы.
Белгиленгендей, жылуулук тармактарынын эскилиги жеткендигине байланыштуу гидравликалык сыноолорду өткөрүү зарыл. Бул текшерүүлөрдө көптөгөн бузулуулар аныкталып, оңдоо мөөнөттөрү 30 күндөн 40 күнгө чейин узарып кетүүдө.