Бишкек, 27.12.25 /Кабар/. Бул завод Борбор Азияда аналогу жок, таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкана болот. Бул тууралуу өлкө башчысы таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү заводдун ачылышында билдирди.
Президенттин айтымында таштанды полигонунун ишке берилгенине жарым кылымдан ашты.
“Шаардын таштанды полигону 1974-жылы ишке берилип, ошол бойдон тынымсыз иштөө менен бул жайга 20 млн тоннадай таштанды топтолгон экен.
Борбор шаарыбыздан күнүгө 1200дөн 1500 тоннага чейин таштанды чыгарылып, албетте, шаардын экологиясына терс таасирин тийгизип келген.
Бул көйгөй, бир топ жылдан бери көтөрүлүп, бирок чечилбей, улам кийинки бийликке мурасталып келе жаткан”,-деп белгиледи ал.
Ошондой эле, президент долбоорго багытталган инвестицияга да токтоло кетти.
“Кудай буюрса, бүгүн биз ачып жаткан эко-технологиялык завод Борбор Азияда аналогу жок, таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү биринчи ишкана болмокчу. Мындай заводдун курулушу менен борбор калаабыздын экологиялык абалы олуттуу түрдө жакшырат, жергиликтүү элди электр кубаты менен камсыздоо маселесине дагы салым кошот.
Долбоорго багытталган инвестициянын жалпы суммасы 95 миллион АКШ долларын түзөрүн, заводдун курулушуна 12 гектар жер берилгендигин, бардык каражаттар инвестор тарабынан каржылангандыгын ачык-айкындуулук үчүн айта кетейин”,-деп кошумчалады ал.