Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.
Атап айтканда, 350 орунга ылайыкташкан Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды. Анын курулушу өткөн жылдын октябрь айында башталган.
Мамлекет башчысына объекттин курулушунун темптери тууралуу актуалдуу маалымат берилди. Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов борбор быйылкы жылдын аягына чейин курулуп бүтөрүн айтты.
Ал Өзгөн районунда калктын санынын өсүшүнө байланыштуу учурдагы инфраструктура жүктөмдү көтөрө албай калганын жана жаңы медициналык объектилерге муктаждык жаралганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров тиешелүү министрликке жана подряддык уюмдарга бир катар тапшырмаларды берип, курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Андан соң президент Баш-Дөбө айыл аймагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жай комплекстерин көрүп чыкты.
Жалпы аянты 7 гектардан ашуун аймакта 5 кабаттуу 16 блок жайгашат. Жалпы 970 батир курулмакчы. Учурда темир-бетон каркасын тургузуу жана чатыр жабуу иштери жүрүүдө.
Мамлекет башчысына курулуш иштерин келерки жылдын күз айларында аяктоо пландалып жатканы маалымдалды.
Турак жай комплекстерин көрүп чыккан соң, Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыздоо жана объектилерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи.