Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Кыргызстан менен Казакстан эвакуация маселесин талкуулады

Коом Загрузка... 02 Март 2026 14:55
WhatsApp Image 2026-03-02 at 14.42.43.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Учурда Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн жарандардын укуктарын коргоо, алардын коопсуздугуна кам көрүү иштерин улантууда. Кыргызстан менен Казакстан эвакуация маселесин талкуулады. Бул тууралуу Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Катар, Бахрейн жана Иордания өлкөлөрүндөгү консулдуктары жер-жерлерди жарандардын маселесин чечкенге аракет жасашууда.

"Жарандардын арасында жабыркагандар жок. Аталган өлкөлөрдө абал туруктуу. Мейманкалардагы мөөнөтү бүткөн жарандар кайрадан ошол мейманкаларга жайгаштырылууда. Дубай шаары менен Катар мамлекетинде кыргызстандык туристтердин арасында бир аз маселелер жаралууда. Эвакуация жүргүзүүнүн альтернативдүү жолдорун ойлонуп, этаптуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Казакстан өлкөсүнүн ТИМи менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, маселелерди чогуу-чаран чечели деген сунуштар айтылды”,-деп билдирди ал.