Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктардын коопсуздугун коргоо иштери күчөтүлдү

Коом Загрузка... 02 Март 2026 12:20
WhatsApp Image 2026-03-02 at 12.05.05.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктардын коопсуздугун коргоо иштерин күчөттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Анда белгиленгендей, күн мурун Консулдук департаменти Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча аралыктан чукул жыйын өткөрүп, Кыргызстандын Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Катар, Бахрейн жана Түркия өлкөлөрүндөгү элчиликтери жана Башкы консулдуктары менен түз байланышка чыгып, алардын маалыматтарын укту.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөлөрдө абал туруктуу жана жарандар менен байланыштар бар.

Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун айтымында, Тышкы иштер министрлигинин алдында штаб түзүлүп, ал 24 саат бою иш алып барууда.

“Өкүлчүлүктөрдүн маалыматына ылайык, Сауд Аравиясында абал тынч. Аба майданы ачык жана туруктуу каттамдар жүргүзүлүп, айрымдары токтотулган. Биздин консулдуктар бардык жарандар менен байланышта болгонго аракет кылып жатышат. Мейманканаларда калуу мөөнөтү бүткөн жарандар элчиликтердин жардамы менен кайрадан мейманканаларга жайгаштырылууда”,-деди ал.