"Жалал-Абад" аэропортунун курулушу токтогон жок — "Кыргызстан аэропорттору"

Бизнес Загрузка... 06 Март 2026 10:42
IMG_4963.JPG.jpeg
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтоп калгандыгы тууралуу социалдык тармактарда таркап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК билдирет.

Белгиленгендей, аэропортту куруу иштери өз нугу менен жүргүзүлүп жатат. Долбоор Сузак районунун Багыш айылдык аймагында ишке ашырылууда. Аэропорттун жалпы аянты 381 гектарды түзөт.

Бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесин жана перронду куруу боюнча жер иштеринин 80% пайызы аткарылды. Параллелдүү түрдө аэробекет комплексинин имаратын куруу иштери жүргүзүлүп, учурда терминалдын имараты экинчи кабаттын деңгээлине чейин тургузулду.

Аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу айрым курулуш процесстеринде убактылуу техникалык тыныгуулар болду, мындай жагдайлар масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда кадимки практика болуп эсептелет.

Азыркы учурда курулуш иштери улантылууда жана долбоор бекитилген графикке ылайык жүзөгө ашырылып жатат.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК коомчулукту жана социалдык баракчалардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таркатпоого жана компаниянын ишмердүүлүгү менен байланышкан суроолорду ишкананын басма сөз кызматынан тактап алууга чакырат.

Байланыш номери: 0557 224497.