Бишкек. 22.04.26 /Кабар/. Быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 61 миң 412 адам катталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен тилдер боюнча катталгандардын саны төмөндөгүдөй:
- 35 535 абитуриент тестти кыргыз тилинде тапшырууну тандаган;
- 28 993 абитуриент тестти орус тилинде тапшырууну тандаган.
Өздүк маалыматтарын жибербегендердин саны - 3 104. Толук эмес толтурулган жана тактоону талап кылган арыздардын саны - 675.
Эскерте кетсек, ЖРТга каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлдү.