Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүү жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан жасалма уруктандыруу программасы өзүнүн алгачкы жыйынтыгын бере баштады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, былтыр акысыз берилген асыл тукум букалардын уруктары аркылуу уруктандырылган уйлардан быйыл биринчи төлдөр алынды.
Белгиленгендей, былтыр жасалма уруктандырууну өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 60 млн сом бөлүнүп, кеминде 200 миң баш уй жана кунаажынды жасалма жол менен уруктандыруу пландалган.
Бул максатта Айыл чарба министрлиги Швейцария жана Россиядан жогорку сапаттагы асыл тукум букалардын уруктарын сатып алган.
Учурда колдонулуп жаткан уруктар Кыргызстандын климаттык шарттарына ылайык тандалган төмөнкү төрт асыл тукум породадан алынган:
- голштино-фриз;
- симментал;
- швиц;
- абердин-ангус.
"Аталган породалар жогорку сүттүүлүгү, эттүүлүгү жана жергиликтүү шарттарга тез ыңгайлашуусу менен айырмаланат", - деп айтылат маалыматта.