"Жашыл" экономика: Бишкекте кадр даярдоонун жаңы ыкмалары талкууланды

Коом Загрузка... 14 Май 2026 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бишкекте "Борбор Азияда "жашыл" экономика үчүн жашыл көндүмдөр" аттуу регионалдык долбоордун алкагында тегерек стол өткөрдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара "жашыл" көндүмдөрдү өнүктүрүү жана кызматташтык маселелерине арналган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын "жашыл" экономикага өтүүсүнүн негизги багыттары, эмгек рыногунда талап кылынган заманбап компетенцияларды өнүктүрүү, ошондой эле "жашыл" көндүмдөрдү билим берүү системасына жана иш менен камсыз кылуу саясатына интеграциялоо маселелери талкууланды.

Эмгек министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, адамдык капиталды өнүктүрүү өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана Кыргызстандын 2029-жылга чейинки жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

Өзгөчө көңүл кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу, билим берүү программаларын жаңылоо, ошондой эле заманбап эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелерине бурулду.

Тегерек столдун жыйынтыгында тараптар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого жана "жашыл" компетенцияларды өнүктүрүү багытындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.