Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Дыйкан-фермерлерди жеңилдетилген насыялар менен толук камсыздоо үчүн кошумча акча каражаты бөлүнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө бардык жерде дыйкандар насыянын көлөмүнүн аздыгы жөнүндө маселе көтөрүп жатышат.
“Мал чарбачылыгы менен алектенгендерге көмөк көрсөтүү максатында жеңилдетилген насыя берилип, “Айыл чарбасын каржылоо–14” долбоорунун алкагында сиздердин райондун фермерлери, дыйкандары 50 млн сом алышыптыр. Бүгүнкү күндө бардык жерде дыйкандар насыянын көлөмүнүн аздыгы жөнүндө маселе көтөрүп жатышат. Ошондуктан биз жеңилдетилген насыялар менен толук камсыздоо үчүн дагы кошумча акча каражатын бөлүүнү чечтик, тиешелүү тескеме кабыл алынды. Эми бардык дыйкан-фермерлер бул жеңилдетилген насыядан ала алышат”, - деди президент.