Жеке автомектептерде “под ключ” деген түшүнүк болгон – Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 03 Февраль 2026 11:52

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Жеке автомектептерде “под ключ” деген түшүнүк болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго (“Унаа”) барганда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, даяр айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн миң долларга чейин алган автомектептер болгон. Экзаменден өткөндөрдүн саны мурда 95 пайызга чейин жеткен.

Президент коррупцияга каршы иштер башталгандан тарта экзаменден өтпөй калгандардын көрсөткүчү кыйла азайганын айтты.

“Жеке автомектептерде “под ключ” деген да варианты бар экен. Бул баарыбызга эле жашыруун эмес. 275 автомектептин арасында бардык этаптарды бүтүрүп, колуна айдоочулук күбөлүктү берип эле 60-70 миң сомдон 1 миң долларга чейин алып, анан күбөлүк берген мектептер бар. Ушуга чейин күбөлүк сатылып келген фактыларды мисал келтирип айта кетейин, 2015-жылдан 2019-жылга чейин алсак, жеке мектептерден окугандардын 90-95 пайызы экзаменден өтүп кетишкен. 5-10 пайызы эле өтпөй калган. Анткени алар акча бере алчу эмес же бергиси келчү эмес дегендей. Ал эми 2021-жылы болсо биз системаны колго алып, 5-6 жетекчини алмаштырып, коррупция менен күрөшүп баштагандан бери бул көрсөткүч дароо түшкөн. Мисалы, экзаменден өткөндөрдүн саны 28 эле пайызга жетип калган. Ал эми 72%ы өткөн эмес”, - деп айтты Садыр Жапаров.