Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Мындай чечим БШКнын бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.
Ага ылайык, эл өкүлү Абдылдабек Эгембердиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Белгилей кетсек, Эгембердиев №19 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген.