ЖК комитети үйлөрдүн сыртына LED-экран орнотуу боюнча мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш Загрузка... 02 Март 2026 13:00
page-led.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда четке кагылды.

Демилгечи – депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин (ТМШ) кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Алар өз мүлкүн (үйдүн дубалдарын) жарнама үчүн пайдаланып, мыйзамдуу киреше алышы керек. Депутат Бишкек шаардык кеңешинин LED-экрандарга тыюу салган токтому (№134 токтому) Конституцияга каршы келерин белгиледи.

Ал эми эл өкүлдөрү Гүлшаркан Култаева, Салтанат Аманова жана комитет төрайымы Токтобүбү Ашымбаева мыйзам долбоорунда сунушталган нормалардын жана министрлер кабинетинин корутундусунун ортосунда карама-каршылыктар бар экенин белгилешти.

Ал эми депутат Болот Сагынаев LED-экрандардын форматы жана стандарты боюнча суроолорду тактап, мыйзам долбооруна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу тартибин киргизүү керектигин айтты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров LED-экрандар борбор калаанын, өзгөчө совет доорундагы имараттардын архитектуралык бүтүндүгүн бузарын жүйө келтирди.

Депутаттар Сеидбек Атамбаев жана Советбек Рустамбек уулу мыйзам долбоорун колдоп, дүйнөлүк тажрыйбада жарыктыгын чектөө менен мындай экрандарга уруксат берилерин белгилешти.

Дастан Бекешев экинчи окууга чейин аймактарды зоналаштыруу боюнча нормалар кошуларын билдиргенине карабай, комитет мүчөлөрү документти четке кагышты.