Жогорку Кеңеште дагы бир депутаттык топтун аталышы өзгөртүлдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Февраль 2026 15:45
1.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун аты "Ынтымак - Мекенчил" деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Тиешелүү чечим аталган депутаттык топтун жыйынында кабыл алынган. Ошондой эле Советбек Рустамбек уулу депутаттык топтун жетекчисинин орун басары болуп шайланды. 

Белгилей кетсек, буга чейин "Ата-Журт" депутаттык тобунун аты "Эл үмүтү - Ата Журт" деп өзгөртүлгөн.