Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин жетекчилиги астында Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жаңыланган курамынын алгачкы жыйыны өттү.
Парламенттен билдиришкендей, жыйынга депутаттар, министрлер кабинетинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле аталган багытта иш алып барган адистер катышты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан 2025-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен парламенттеги аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу боюнча дүйнөдөгү эң чоң прогрессти көрсөткөн өлкө катары таанылганын белгиледи.
Учурда Жогорку Кеңеште 31 айым депутат бар.
Жыйында мамлекет башчысынын тең укуктуулукту камсыз кылуу багытындагы ырааттуу саясатынын натыйжалары айтылды.
Мамлекеттик органдардагы жетекчилик кызматтарда аялдардын үлүшүн 2030-жылга чейин 30%га жеткирүү талабы коюлган.
"Социалдык контракт" программасынын катышуучуларынын 94%дан ашыгын элеттик аялдар түзөт. Мисалы, Талас облусунда эле март айында 71 үй-бүлө өз ишин баштоого 150 миң сомдук сертификат алышкан.
Төрага кеңештин иши формалдуу эмес, реалдуу жыйынтыктарды берген аянтча болушу керектигин баса белгиледи.
Жыйын аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого багытталган сунуштар жана талкуулар менен уланды.