Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова органикалык продукция өндүрүү жана агротуризмди өнүктүрүү демилгеси менен чыкты.
Анын айтымында, органикалык азык-түлүк өндүрүү мамлекетке олуттуу киреше алып келет жана айыл тургундарынын кирешесин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Эл өкүлү жердин деградациясына алып келүүчү химиялык заттар менен жаратылышты булгабоо үчүн таза сууларды жана тоолуу аймактарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Биздин ата-бабаларыбыз кылымдар бою жаратылышты сактап келген. Биз келечек муун үчүн жерлерибизди таза сактоого милдеттүүбүз. Дүйнөдө органикалык продукцияга болгон суроо-талап өсүүдө, алсак, АКШда органикалык рынок 60 млрд долларга жетти. Эгерде биз сапаттуу органикалык продукция чыгарсак, бул айыл тургундары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деди Мавлянова.
Депутат жакын арада парламентке органикалык продукцияны өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталарын билдирип, кесиптештерин бул демилгени колдоого чакырды.