Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Февраль 2026 12:12
399818_w750_h_r_8LB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Табылды Муратбеков билдирди.

Анын айтымында, бул чечим Жогорку Кеңештин жаштар менен өз ара байланышын чыңдоо жана алардын укуктарын коргоо максатында кабыл алынды.

"Ошондой эле жаштар саясатын өркүндөтүү, жаштардын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сунуштарды өз убагында иштеп чыгууга багытталган", - деди Муратбеков.

Муну менен катар ал жаңы түзүлгөн кеңештин ишинин негизги максаттары, милдеттери жана принциптерине токтолду.

"Кеңештин негизги багыттары – мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү, жаштардын демилгелерин жана долбоорлорун колдоо, жаштардын ишкердик, инновациялык жана инвестициялык долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, билим берүү, илим, маданият, спорт жана санариптик өнүгүү жаатындагы жаштар долбоорлорун колдоо болуп саналат", – деди.