Жогорку Кеңештин төрагасы расмий сапар менен Россияга барат

Жогорку Кеңеш Загрузка... 23 Февраль 2026 17:55
4.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу бүгүн төраганын Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантууну сүйлөшүп, аталган багыттагы айрым маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле ЖК төрагасы жакынкы аралыкта Россияга расмий сапар менен барарын белгиледи.

"Бул сапар парламенттер аралык диалогду эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, жолугушууларда эки тараптуу байланыштарга тиешелүү жагдайлар талкууланып, расмий сапар жемиштүү болот деген ишеничтемин",– деди.

Өз кезегинде элчи төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылып, айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи.