Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази бин Сулейман Хакимди кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу маселеси жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.
Марлен Маматалиев Ияд бин Гази бин Сулейман Хакимди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.
Ошону менен катар өткөн жумада эле Сауд Аравиясынын Мажлис Аш-Шурасынын төрагасы доктор Абдуллах аш-Шейхтин атынан расмий сапар менен келип кетүү боюнча чакыруу катын алганын айткан төрага, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо да башкы максаты экенин кошумчалады.
Өз кезегинде элчи Сауд Аравия Падышалыгы да Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай кеп кылды.
Мындан тышкары, өз өлкөсүнүн өнүгүү стратегиясы боюнча да маалымат берип, соңку 6-7 жыл аралыгында олуттуу реформалар жасалып жатканына токтолду.
Тараптар экономикалык жана гуманитардык багыттагы байланыштар тууралуу да сөз кылышып, дүйнөдөгү соңку кырдаалдар боюнча пикир алмашты.