Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы экологияны коргоо жана шаардагы жол тыгындарын азайтуу максатында муниципалдык кызматкерлер арасында активдүү велосипед тебүү демилгесин баштады.
Мэрия шаардык кызматтардын, мекеме-ишканалардын кызматкерлерин жумушка унаа менен эмес, велосипед менен келип-кетүүгө чакырат. Катышуу толугу менен ыктыярдуу.
"Мунун максаты велосипедди шаар ичинде толук кандуу транспорт катары жайылтуу, абанын тазалыгын сактоо жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Велосипедди эң активдүү колдонгон кызматкерлер мэриянын расмий булактарында жарыяланып, кварталдын жана жылдын жыйынтыгы менен атайын сыйлыктарга ээ болушат. Акцияга катышкан бардык кызматкерлер жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоого милдеттүү.