Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында жалпысынан 816 даана темир-бетон мамы орнотулду.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 694ү СВ-105-3,5, ал эми 122си СВ-95-2 үлгүсүндөгү темир-бетон мамылар.
Райондор боюнча бөлүштүргөндө:
- Аксы РЭТ – 91;
- Ала-Бука РЭТ – 33;
- Базар-Коргон РЭТ – 69;
- Манас РЭТ – 7;
- Кара-Көл РЭТ – 20;
- Көк-Арт РЭТ – 5;
- Майлуу-Суу РЭТ – 11;
- Ноокен РЭТ – 228;
- Сузак РЭТ – 182;
- Таш-Көмүр РЭТ – 41;
- Токтогул РЭТ – 124;
- Чаткал РЭТ – 5.
"Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ноябрь айына чейин дагы 281 даана СВ-105 жана СВ-95 үлгүсүндөгү темир-бетон мамы орнотулат",-деп айтылат маалыматта.