Футбол боюнча дүйнө чемпионаты: Билеттер 11 миң долларга чыкты

Дүйнө Загрузка... 03 Апрель 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-04-03 at 09.35.50.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. ФИФА быйыл өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнуна билет баасын рекорддук деңгээлге чейин көтөрдү. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирет.

Маалыматка караганда, эң кымбат билеттердин баасы 10 990 долларга жетип, бул футбол тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бул баа мурдагы дүйнө чемпионаттарынын финалдык билеттерине салыштырмалуу дээрлик жети эсеге кымбат. Мындай кескин өсүш күйөрмандар арасында кызуу талкуу жаратууда.

Алгач АКШ, Канада жана Мексика берген билдирмеде финалдык билеттер 1550 доллардан ашпай турганы көрсөтүлгөн. Бирок декабрь айында фан-клуб мүчөлөрү билеттерди 8680 долларга чейин сатып алышкан. Ачык сатык башталгандан кийин баалар дагы жогорулады. Салыштыруу үчүн, 2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын финалына эң кымбат билет 1604 доллар болгон.

Адистердин айтымында, баанын кескин өсүшү динамикалык баа коюу системасы менен байланыштуу. Башкача айтканда, суроо-талап жогорулаган сайын баа да автоматтык түрдө көтөрүлөт. Учурда биринчи категориядагы билеттер 10 990 долларга чейин, экинчи категория — 7380 долларга чейин, ал эми үчүнчү категория — 5785 долларга чейин сатылууда.

Ошондой эле 60 доллардын тегерегиндеги жеткиликтүү билеттер да каралган. Бирок финалдык оюнга болгон суроо-талаптын жогорулугунан улам баалар өсүүсүн улантууда. Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунда башталып, үч өлкөдө өтөт. Турнирге байланыштуу коопсуздук чаралары да күчөтүлүүдө.