Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. 10-майдан баштап бардык айыл өкмөттөрдө эл менен жолугушуулар өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, ага жергиликтүү бийлик органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери катышат.
Бул иш жарандардын кайрылууларына түздөн-түз жеринде ыкчам жооп берүү үчүн уюштурулууда.