11 жаштагы кыздардын 91%ы папиллома вирусуна каршы эмделди

Ден соолук Загрузка... 21 Апрель 2026 18:03
_gluster_2024_10_1_.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда 11 жаштагы өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө 91% түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, вакцина улуттук эмдөө календарына киргизилгенден бери жалпысынан 258 миң 985 өспүрүм кыздар эмделди.

“Бул жетишкендик Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс (ВИГА), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ЮНИСЕФ жана башка өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташуунун аркасында мүмкүн болду”, - деп белгиледи ал.