2025-жылдагы тармактык жыйынтыктар: Спортко 2,6 млрд сом бөлүндү

Спорт Загрузка... 27 Февраль 2026 16:36
643828644_1356113503210469_4054446509588751723_n.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Бүгүн “Ынтымак Ордодо” өткөн республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маданият, спорт жана туризм тармагында жетишилген жыйынтыктар менен бөлүштү.

Байсаловдун айтымында, 2025-жылы маданият мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоого 851 млн сом бөлүнгөн.

“Жыл ичинде театралдык оюн-зоок мекемелери тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардан алынган атайын каражаттардын көлөмү 155 млн сомду түзүп, рекорддук көрсөткүчтөргө жетти”,-деди ал.

Ошондой эле спорт тармагына 2021-жылы бюджеттен 953 млн сомго жакын каражат бөлүнсө, 2025-жылы 2,6 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

“Жаштар саясатын каржылоо 2021-жылдагы 4 млн сомдон 2025-жылы 50 млн сомго чейин өстү. Андан сырткары, туризм тармагынын дүң кошумча наркы 74,4 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 29%га өстү”,-деп кошумчалады Байсалов.