2025-жылы бюджетке 70 млрд сомдон ашык зыян кайтарылды

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 17:55
shablon_-_2026-01-2_KBiqlaM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 07.04.2026. /Кабар/. Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүгө чейин токтотулган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түздү. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бардык каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды.

"Кайтарылган каражаттын негизги бөлүгү, тактап айтканда, 67,9 млрд сомдон ашыгы улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге тиешелүү. Ички иштер министрлиги 1,4 млрд сомдон ашык, Аскер прокуратурасы болжол менен 884 млн сом кайтарды, ал эми калган жүздөгөн миллион сом башка органдардын материалдары боюнча өндүрүлдү", — деп айтты Асаналиев.

Башкы прокурор белгилегендей, айрым учурларда кылмыш жолу менен алынган мүлк ыктыярдуу кайтарылгандан кийин кылмыш иши токтотулган.

"Тергөө иштеринин сапатын жакшыртуу үчүн прокуратура 90 кылмыш ишин кошумча тергөөгө жөнөттү, ал эми соттор дагы 136 ишти кайра кароого кайтарып беришти", — деп кошумчалады ал.