Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. 2025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасынын алкагында прокуратуранын 100 кызматкери батирлүү болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө прокуратура органдарынын 500дөн ашык кызматкери өздүк турак жайга муктаж экенин белгиледи.
“Убакыттын өтүшү менен бул маселе акырындап чечилет деп ойлойм”, — деди ал.