Быйыл пенсия канча сомго жогорулай турганы күзүндө белгилүү болот

Экономика Загрузка... 09 Апрель 2026 12:22
WhatsApp_Image_2026_X7JYFEL.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. 2026-жылы пенсиянын көлөмү канчага жана кандай шарттарда жогорулай турганы күзүндө айтылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Социалдык фонддун Коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, пенсияларды жыл сайын жогорулатуу Социалдык фонддун артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат. Соцфонд инфляциянын көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, мыйзам ченемдерине таянып, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша төлөмдөрдү индексациялоо иштерин жүргүзөт.

"Бюджетте пенсияны көтөрүү үчүн каражаттар алдын ала каралган жана биз өткөн жылдагыдан төмөн эмес көрсөткүчтөрдү максат кылып жатабыз. Бирок, акыркы чечим казынага түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн иш жүзүндөгү көлөмүнө жараша болот. Азыркы тапта индексациянын так пайызын айтуу эрте. Учурда биз Салык кызматынан биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды күтүп жатабыз. Ошонун негизинде Соцфонддун каржылык мүмкүнчүлүктөрү эсептелип, жогорулатуунун параметрлери аныкталат. Пенсия канчага жана кандай шарттарда өсөрү тууралуу толук маалыматты күзүндө беребиз", — деди Мукамбетов.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10%га, бирок 600 сомдон кем эмес өлчөмдө жогорулатылган.