2027-жылдагы Евразия экономикалык форуму Кыргызстанда өтөт – Ахматов

Саясат Загрузка... 01 Июнь 2026 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.06.26 /Кабар/. 2027-жылдагы Евразия экономикалык форуму Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.

Орун басар белгилегендей, 28-29-май күндөрү Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны жана V Евразия экономикалык форуму болуп өттү. Ага Казакстан төрагалык кылды. Өлкө жетекчилеринин катышуусундагы жыйында күн тартибинде 18 маселе каралып, 20га жакын документке кол коюлду.

“Анын жүрүшүндө жасалма интеллектти ыкчам киргизүүгө эмес, аны экономиканын ар кандай тармактарында биргелешип жана жоопкерчиликтүү колдонууга көңүл бурулду. Андан сырткары мамлекет башчылары ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен болгон экономикалык кызматташуусун талкуулашты. Тунис Республикасы менен сүйлөшүүлөргө старт беришти.
Президент Садыр Жапаров жаңы өнөктөштөр үчүн рынокторду ачууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле өнөр жайы азырак өнүккөн өлкөлөр үчүн жеңилдетилген шарттарды киргизүү сунушталды. Жыйында үрөнчүлүк тармагында бирдиктүү мамиле түзүү, электр энергиясынын жалпы рыногун өнүктүрүү, бажы жана бюджеттик саясатты өркүндөтүү маселелери каралды.
Кыргызстандын демилгеси менен ЕАЭБдин агрардык тармактагы биргелешкен долбоорлорун биримдиктин бюджетинен каржылоо мүмкүнчүлүгү кеңейтилди. 2022-жылы алгач өткөрүлгөн форум бул кызматташтыкты бекемдөөнүн аянтчасы болгонун далилдеди. Эми 2027-жылы төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрү белгиленди”,-деди ал.

Ахматов ошондой эле V Евразия экономикалык форумунда каралган маселелер тууралуу айтып берди.

“Кыргызстан форумдагы бардык 30га жакын талкуу аянтчасына катышты. Анда айыл чарбасын санариптештирүү, электрондук соода, товарлардын кыймылын көзөмөлдөө, транспорт жана логистиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды колдонуу, эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча сунуштар каралды”,-деди.

Орун басардын айтымында форум кийинки жылы Кыргызстанда өтөт.

“Форум ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн маанилүү практикалык аянтча экенин дагы бир жолу тастыктады. Биринчи форум 2022-жылы Бишкекте өткөн. Ал эми 2027-жылдагы кезектеги форумду Кыргызстан өткөрөт”,-деди Ахматов.