Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов аймакты таза суу менен камсыздоо багытында аткарылып жаткан иштер жана келечектүү долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, өлкө башчысы тарабынан 2028-жылга чейин Кыргызстанда мектеп, бала бакча жана таза суу маселелерин толугу менен чечүү боюнча так тапшырма коюлган жана учурда облуста бул багытта кызуу иштер жүрүүдө.
"Азыркы тапта Баткен облусунун аймагында таза суу тармагын жакшыртуу үчүн эл аралык каржы институттары менен биргеликте масштабдуу иштер алып барылууда. Атап айтсак, Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте - 29 долбоор, Дүйнөлүк банк менен биргеликте - 28 долбоор, Ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кадамжай, Айдаркен жана Раззаков шаарларында ири долбоорлор ийгиликтүү аткарылып жатат", - деди ал.
Мамыржан Рахимов белгилегендей, таза суу менен камсыздоо бир гана эл аралык банктардын эсебинен эмес, мамлекеттик бюджеттин эсебинен да жигердүү каржыланууда.
"Учурда республикалык бюджеттин каражатына облустун 15 айылын таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 7 айылда курулуш иштери толук аяктап, таза суу берилди. Калган айылдардагы объекттер да даяр болушуна жараша этап-этабы менен пайдаланууга берилет", - деп билдирди өкүл.
Аймактагы таза суу объектилеринин курулуш сапаты жана өз убагында бүткөрүлүшү жергиликтүү бийлик органдары тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынганы кошумчаланды.