2040-жылга чейин 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

Дүйнө Загрузка... 10 Апрель 2026 09:15
2588609f-406b-4bfe-82e1-d705e05b0784.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. 2040-жылга чейин 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот. Бул тууралуу Казинформ Анадолу агенттигинин маалыматына таянып кабарлайт.

Маалыматка ылайык, калктын өсүшү, климаттын өзгөрүшү жана керектөөнүн көбөйүшү суу ресурстарына болгон суроо-талапты күчөтүп, суу коопсуздугун негизги глобалдык көйгөйгө айландырууда. Божомолдор боюнча, 2040-жылга чейин 33 өлкө суу тартыштыгы өтө жогору зонасында болот.

Дүйнөлүк ресурстар институту 167 өлкөнү камтыган изилдөөсүндө калктын өсүшү, шаарлардын өнүгүшү жана климаттын өзгөрүшүнүн шартында суу запастарынын тездик менен азайып баратканын көрсөтүп турат.

Бул көйгөй өзгөчө Жакынкы Чыгышта курч, анткени ал жерде суу коопсуздугу дүйнөдөгү эң төмөнкү деңгээлде. Региондогу көптөгөн өлкөлөр жер астындагы сууларга жана кымбат баалуу деңиз суусун тузсуздандыруу технологияларына таянат.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Жер шарында 2 миллиарддан ашык адам ичүүчү сууга муктаж.