Жети образ — бир тарых: Көчмөндөр оюндарынын визуалдык кампаниясы башталды

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 22 Май 2026 16:15
WNGArtboard-1-copy-34.png

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. “7 образ — бир тарых” аттуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын визуалдык кампаниясы башталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кампания этап-этабы менен ачыла турган жети визуалдык сюжеттен турат. Ар бир сюжет маданияттын өзүнчө бөлүгүн: кыймыл, спорттук тажрыйба жана адамдын салт менен мейкиндикке болгон байланышы аркылуу чагылдырат.

Кампания Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында башталып, санариптик каналдарда, медиа мейкиндикте жана шаардык визуалдык форматтарда ырааттуу түрдө жайылтылат.

“Ар бир кыймылда — өз ритми. Ар бир кадрда — өз тарыхы”. Бүгүнкү күндө кампаниянын биринчи этабы башталды. Аудитория акырындык менен жети визуалдык сюжет менен таанышууда. Алар маданиятты адамдар, салттар жана оюндар аркылуу ачып көрсөтөт.

“Ар бир сюжет реалдуу жашоодогу таанымал көрүнүштөргө негизделген: атты даярдоо, улуттук оюндар жана мелдештер, күнүмдүк жаңсоолор жана кыргыз турмушуна, салттарына терең сиңген ырым-жырымдар. Бул өткөндү кайра жаратуу эмес, маданияттын кыймылдагы жандуу көрүнүшү — азыр жана ушул жерде, Кыргызстандын тоолорунда, салт заманбап жашоонун бир бөлүгү катары жашоосун улантып жаткан мейкиндикте”, - деп айтылат маалыматта.

Катчылыктан белгилешкендей, визуалдык серия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги көркөм жасалгасынын өзөгүнө айланып, тышкы жарнамада, социалдык тармактарда, расмий аянтчаларда жана медиа-кампанияларда колдонулат.

“7 образ — бир тарых” концепциясы кампаниянын бардык материалдарын бирдиктүү визуалдык тилге бириктирип, көчмөн маданиятын кыймылдын, мүнөздүн жана жашоонун жети ар түрдүү абалы аркылуу ачып берет.