Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Адамзат тарыхында казылып алынган алтындын жалпы көлөмү 2025-жылдын аягына карата дээрлик 220 миң тоннаны же болжол менен 31 трлн долларды түздү деп болжолдонууда. Бул маалыматтар Дүйнөлүк алтын кеңешинин отчетунда камтылганын, ТАСС кабарлайт.
Маалыматка ылайык, алтын запастарынын негизги бөлүгүн зер буюмдары түзөт – 44% же 97 650 тонна, баасы 14 трлн долларга жетет. Куйма жана тыйындар 21%ды (46 950 тоннасы 7 трлн доллар), ал эми дагы 18% алтын (38 670 тоннасы 5 трлн доллар) борбордук банктарда сакталат.
Алтын резервдерди 2%ды түзөт (4 млн 25 миң тонна, баасы 0,6 трлн доллар), инвесторлордун биржадан тышкаркы акциялары 5% (10 миң тоннага чейин, баасы 1,5 трлн доллар), ал эми калган 10% (22 600 тонна, баасы 3 трлн доллар) өнөр жай жана технологияда колдонулат.
Алтындын запасы жай өскөндүктөн, жылына болжол менен тоо-кен казып алуу 1,8%,ды түзөт.