Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары — ашказан-ичеги жолдорун жабыркатуучу жугуштуу оорулар экенин эскертти.
Көпчүлүк учурда бул оорулар булганган суу, тамак-аш, кир кол жана тиричилик буюмдары аркылуу жугат. Адистердин белгилөөсү боюнча, курч ичеги-карын инфекцияларына өзгөчө балдар тез кабылышат.
Оорунун негизги белгилери:
- дене табынын көтөрүлүшү;
- кускусу келүү жана кусуу;
- ич өтүү жана ичтин оорушу;
- жалпы алсыздык;
- организмдин суусуздануу белгилери.
Оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо, жарандарды тезинен дарыгерге кайрылууга, суюктукту көп ичүүгө жана өз алдынча дарыланбоого чакырышат.
Борбор ошондой эле негизги алдын алуу чараларын да эске салды:
- колду самындап бат-баттан жуу;
- коопсуз, таза суу гана ичүү;
- жашылча-жемиштерди кылдаттык менен жууп пайдалануу;
- азык-түлүктөрдү (өзгөчө эт, жумуртка) жакшылап бышыруу жана кууруу;
- тамак-ашты туура сактоо жана ашканада тазалыкты бекем сактоо зарыл.