Бишкекте балдардын жугуштуу ооруларына арналган эл аралык конференция өтөт

Ден соолук Загрузка... 25 Май 2026 18:35
WhatsApp_Image_2026_ipKSsy7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. 26-майда Бишкек шаарында "Балдардын жугуштуу ооруларынын актуалдуу маселелери" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты балдардын жугуштуу ооруларын өз убагында аныктоо, дарылоо, алдын алуу жана эпидемиологиясынын бүгүнкү күндөгү эң маанилүү маселелерин талкуулоо болуп саналат.

"Конференция ата мекендик жана чет элдик адистердин ортосунда илимий-практикалык тажрыйба алмашууну камсыз кылууга, ошондой эле дарыгерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн заманбап ыкмаларын күнүмдүк практикага киргизүүгө багытталган", — деп белгилешти министрликтен.

Иш-чара И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өтмөкчү.