Касымалиев мамлекеттик органдардын тапшырмаларды аткаруу жоопкерчилигин эскертти

Министрлер кабинети Загрузка... 22 Июль 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында минкабдын кезектеги жыйыны өттү.

Отурумда алгач министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планынын биринчи жарым жылдыгынын аткарылышынын жыйынтыктары каралып, президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын баяндамасы угулду. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында иш-аракеттер планынын аткарылышы 80 иш-чаранын негизинде бааланды. Мамлекеттик органдарга берилген тапшырмалардын аткарылышындагы ийгиликтери менен бирге кемчиликтери да айтылып, маселелер талданып, алардын себептери аныкталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. 

Бул багытта минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы бул – мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык документи экенин, ар бир тапшырма, ар бир иш-чара жана ар бир көрсөткүч 2030-жылга белгиленген жалпы мамлекеттик максаттарга жетүүнү жакындатарын, ошол себептүү берилген тапшырмаларды толук жана жогорку деңгээлде ишке ашырууну белгиледи. Жылдын аягында 670 иш-чара боюнча баалоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги каралары белгиленди.