Адылбек Касымалиевдин Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Министрлер кабинети Загрузка... 03 Апрель 2026 09:34
69cf117f13cb2.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Азербайжанга болгон иш сапары аяктады. 

Анда ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышып сөз сүйлөдү. 

Ошондой эле Адылбек Касымалиев  ТМУ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенти менен биргеликте Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. 

Мындан тышкары Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Иш сапардын жүрүшүндө минкаб башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президентти менен биргеликте Гейдар Алиев борборуна жана Азербайжан улуттук килем музейине барды. 

Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары аяктаган соң Бишкек шаарына кайтып келди.