Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. Афганистанда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен келип чыккан сел жана жер көчкүлөрдөн каза болгондордун саны 132ге жетти. Андан сырткары 192 адам жаракат алганын ТАСС кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12 күндөн бери уланып жаткан жамгырлуу аба ырайы өлкөгө олуттуу зыян келтирди. Жалпысынан 5,4 миңге жакын имарат толугу менен же жарым-жартылай кыйраган.
Мындан тышкары, көп сандагы мал-жандыктар кырылганы да белгиленди.
Учурда куткаруучулар жана гуманитардык жардам көрсөтүүчү топтор эң көп жабыркаган аймактарда иш алып барып, келтирилген чыгымды тактап, жардам көрсөтүшүүдө.