Афганистандагы жаан-чачын: Каза болгондордун саны өсүүдө

Дүйнө Загрузка... 31 Март 2026 09:15
WhatsApp Image 2026-03-31 at 05.49.42.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Акыркы төрт күндүн ичинде Афганистандын бир нече аймактарында катуу жааган жамгырлардан улам 28 адам каза болуп, дагы 49 адам жаракат алды. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Kazinform агенттиги маалымдады.

Өлкөнүн Табигый кырсыктарга каршы күрөшүү улуттук башкармалыгы билдиргендей, нөшөрлөгөн жаан жана катуу шамалдар сел, жер көчкү жана чагылган түшүү сыяктуу кырсыктарды жаратты. Адистердин айтымында, маалыматтар такталган сайын жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Ошондой эле маалым болгондой, 130 үй толугу менен кыйрап, дагы 436 турак жай зыянга учураган. Мындан тышкары, 240тан ашуун мал кырылып, 93 чакырымга жакын жол, сугат системалары жана айыл чарба жерлери талкаланган. Жалпысынан 1100дөн ашуун үй-бүлө зыян тарткан.

Буга чейин адистер Эль-Ниньо феномени тууралуу эскертишкен. Ал Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү суулардын жылышына алып келип, 2026-жылдын аягына чейин күч алышы мүмкүн. Эксперттер бул кубулуш дүйнө жүзүндө сел, кургакчылык жана рекорддук ысыктарды жаратышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.