Африкада жаңы деңиз пайда болушу мүмкүн – геологдордун божомолу

Дүйнө Загрузка... 12 Июнь 2026 14:00
17810787333502521192_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Чыгыш Африка аймагы тектоникалык процесстерден улам акырындык менен экиге бөлүнүүдө. Бул келечекте жаңы деңиздин жаралышына алып келиши мүмкүн. Мындай жыйынтыкка Эфиопиянын Афар аймагын изилдеген эл аралык геологдор тобу келгенин АЗЕРТАЖ жазды.

Адистер аймакта узундугу 50 чакырымга созулган зор магмалык жарака пайда болуп, жер кыртышы жылышканын катташкан. Андагы жогорку басым 300дөн ашык жер титирөөнү (айрымдары 5,9 магнитудасына жеткен) шарттаган.

Афар аймагында үч ири тектоникалык плита (Арабия, Нубия жана Сомали) чектешкендиктен, жер кыртышы бара-бара жукарып, ажырап жатат.

Окумуштуулардын болжолунда, миллиондогон жылдардан кийин бул ойдуңду Кызыл деңиз менен Аден булуңунун суулары каптап, азыркы чөлдүн ордунда жаңы деңиз жана океан бассейни пайда болушу мүмкүн.