Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Илон Маск дүйнөдө жеке байлыгы 1 триллион доллардан ашкан алгачкы адам болду. Анын капиталынын кескин өсүшүнө SpaceX компаниясынын рекорддук көлөмдөгү акцияларды жайгаштыруусу себеп болгонун Reuters агенттигине таянып, Казинформ билдирет.
Маалыматка ылайык, SpaceX компаниясынын акцияларды жайгаштыруу жараяны технологиялык сектордогу эң ири келишимдердин бири болуп, 75 миллиард доллар инвестиция тарткан. Бул инвесторлордун Илон Масктын бизнес-долбоорлоруна болгон жогорку кызыгуусун дагы бир жолу тастыктады.
Акциялар жайгаштырылганга чейин Forbes басылмасы ишкердин байлыгын болжол менен 780 миллиард доллар деп баалаган. SpaceX компаниясынын наркы кайра эсептелип, акциялары соодага чыккандан кийин Масктын жалпы капиталы 1,1 триллион доллардан ашкан.
Учурда анын байлыгынын негизги бөлүгүн SpaceX компаниясындагы үлүшү түзөт. Маскка таандык үлүштүн баасы болжол менен 866 миллиард долларга жетет. Мындан тышкары, анын капиталынын олуттуу бөлүгү Tesla компаниясынын акцияларынан жана башка активдерден турат.
Ишкер 2022-жылы Twitter социалдык тармагын 44 миллиард долларга сатып алгандан кийин коомдук жана саясий чөйрөлөрдөгү таасирин дагы да кеңейткен.
Адистердин айтымында, Tesla компаниясынын ийгилиги дүйнөлүк автоөнөр жайдын электр унааларына өтүүсүн тездеткен негизги факторлордун бири болгон. Бүгүнкү күндө компаниянын рыноктук баасы 1 триллион доллардан жогору.
Түштүк Африканын Претория шаарында төрөлгөн Илон Маск Пенсильвания университетин аяктагандан кийин космостук технологияларды, электр унааларын, жасалма интеллектти жана санариптик платформаларды камтыган ири бизнес империясын түптөгөн.