АКШда күн электр станциялары көмүрдөн көбүрөөк электр энергиясын өндүрдү

Дүйнө Загрузка... 12 Июнь 2026 09:00
f4a15a9b-b86b-4076-b194-97f22f0d3216.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. АКШда күн электр станциялары май айында алгачкы жолу көмүр станцияларынан көбүрөөк электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Ember аналитикалык борборуна таянып, Интерфакс билдирди.

Маалыматка ылайык, май айында күн электр станциялары өлкөдөгү жалпы электр энергиясынын 12,8 пайызын камсыздаса, көмүр станцияларынын үлүшү 12,2 пайызды түзгөн. Ал эми жаратылыш газы 37 пайыз менен негизги энергия булагы бойдон калууда.

Ember борборунун талдоочусу Николас Фулгам бул көрүнүштү АКШнын энергетика тармагындагы олуттуу структуралык өзгөрүү катары баалады. Анын айтымында, энергетикалык компаниялар электр энергиясын тез арада көбөйтүү үчүн арзан, жеткиликтүү жана кыска мөөнөттө ишке киргизиле турган күн энергиясына көбүрөөк көңүл бурууда.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу күн электр станцияларындагы өндүрүш 17 пайызга өскөн. Ошол эле учурда көмүр станцияларында электр энергиясын өндүрүү 11 пайызга кыскарган.

Wood Mackenzie компаниясы менен Күн энергетикасы ассоциациясынын биргелешкен отчетуна ылайык, 2025-жылдын биринчи чейрегинде АКШда орнотулган жаңы энергетикалык кубаттуулуктардын 91 пайызы күн электр станциялары жана энергияны сактоо системаларына туура келген.