Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. “Унаа” мамлекеттик мекемеси, тиешелүү органдар жана анын ичинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жаңы айдоочулук күбөлүктүн үлгүлөрү башка мамлекеттерге өз убагында жеткирилген. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, бул маселе боюнча бир да мамлекеттен бизге кандайдыр бир эскертүү келген эмес.
“Кыргызстандын жаңы айдоочулук күбөлүктөрү толук түрдө Вена конвенциясынын талаптарына жооп берери айтылды. Менимче, эч кандай маселе жаралбашы керек. Бул маселени мындан ары жаап койсок болот деп айта алабыз”,- деп белгиледи Маматалиев.