Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Азык-түлүк жарманкелери жер-жерлерде үзгүлтүксүз уюштурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Талас районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Нарын облусунун Нарын районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда азык-түлүк жарманкелери өттү.
Жарманкеге жергиликтүү дыйкан, фермер жана кайра иштетүүчүлөр катышып, эт жана сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди, дан азыктарын, экологиялык таза айыл чарба продукцияларын сунушташты.
Жарманкеде азык-түлүк жана эт базар баасынан бир топ арзан болду.
Министрлик мындай жарманкелер калкты керектүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында уюштурулуп жатканын белгилейт.